• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ЖККУ ПА Кеӊешинин жыйыны жыйынтыкталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея (ПА) Кеӊешинин көчмө жыйыны болуп өттү.

ЖККУ ПА Кеӊешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 2019-жылда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна Кыргыз Республикасынын төрагалык кылышынын артыкчылыктарын белгиледи. ЖККУ ПА Төрагасы, Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин ЖККУ ПА Кеӊешинин көчмө жыйынынын оӊ натыйжаларына токтолду.

Жыйын жүрүшүндө ЖККУнун Туруктуу кеӊешинин төрагасы, ЖККУда КРнын туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү Аман Мамбетсеитов, КСДП парламенттик фракциясынын лидери, ЖККУ ПАдагы КР Жогорку Кеӊешинин делегация башчысы Иса Өмүркулов, ЖККУ ПАнын Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, ОФ ФЖ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Выборный жана башкалар баяндама жасашты.

ЖККУ ПАнын жооптуу катчысы Петр Рябухин ЖККУ ПАнын 2019-жылга карата иш-пландары боюнча маалымат берди.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеӊешинин катышуучулары Армения парламентинин вице-спикери Алена Симонянды ЖККУ ПАнын Саясый маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы, ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Дмитрий Новиковду ЖККУ ПАнын Саясый маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары катары бекитишти.

Мындан сырткары, ЖККУ ПАнын жооптуу катчысы кызматынын м.а. Петр Рябухиндин ордуна Сергей Поспеловду бекитишти.

ЖККУ ПА Кеӊешинин жыйынында ЖККУ ПАга мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчылары Кеӊештин кезектеги жыйынын жана ЖККУ ПАнын 12-пленардык жыйынын 2019-жылдын күз мезгилинде Ереванда (Армения) өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Белгилей кетсек, аталган жыйынга ЖККУ ПАга мүчө төмөнкү өлкөлөрдөн келген делегациялар катышты: Орусия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Беларусь Республикасы, Армения Республикасы, Кыргыз Республикасы. Ал эми аталган иш-чарага байкоочу катары Сербия Республикасы менен Ооганстан Ислам Республикасынын өкүлдөрү келишкен.

Пикир

Оставить комментарий