• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте ЖККУ саммити өтөт – күн тартибинде 21 маселе

Саясат 0


Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымына караганда, саммит 28-ноябрда өтөт

Сессиясы өткөрүүгө байланыштуу тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы арезидент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен сессиянын ишинде Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян жана КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышаарын билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө ЖККУнун ишинин алкагында эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашуу болот.

«ЖККУнун ЖКК отурумунун күн тартиби 21 маселеден турат. Кыргыз тарабынан демилгеленген глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин эл аралык өз ара аракетенишүүсүн жана кызматташуусун жакшыртуу жөнүндө документ негизги саясий документ болот.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, алардын ичинде туруктуу иштеген ЖККУнун уставдык органдарынын каржы жана уюштуруу иштери менен байланыштуу документке кол коюлат жана Уюмдун 2020-жылга бюджети бекитилет», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал белгилегендей, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын алдында Тышкы иштер министрлер Кеңешинин, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кенештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындары өтөт.

«ТИМК, КМК жана ККККнын биргелешкен жыйындарынын күн тартиби тараптар ортосунда макулдашылып, 22 маселеден турат. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын алкагында делегация башчылары менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушуулар пландалууда», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

КР Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков саммит өткөрүү учурунда боло турган ыңгайсыздыктарга, жолдордун тосулушуна жана башка коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну шаардыктардан өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий