• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте ЖККУнун коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин отуруму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин отуруму өтүүдө. Отурумда эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кошумча чараларды талкуулоо пландалууда.

Отурум Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин төрагалыгы алдында өтүүдө.

Иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчылары жана уюмдун башкы катчысы милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Аталган уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан кирет.

Пикир

Оставить комментарий