• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 22.05.19 /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Кеңеш салтка айланып калгандай сүрөткө түшүү менен башталды. Катышуучулар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын бөлмөгө кирип кетишти. Андан кийин кеңештин жыйыны кеңири форматта уланат.

Уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

ЖККУ - Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын бириктирип турган аймактык эл аралык уюм.

Пикир

Оставить комментарий