• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кезектеги он экинчи жыйыны өтүүдө.

Жыйындын алкагында ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин 2019-жылдагы ишмердүүлүгү, 2020-жылга болгон иш-чаралардын планы, буга чейин өткөн биргелешкен машыгуулардын жыйынтыгы талкууланмакчы.

Иш-чарага жетекчилер, ЖККУ мүчөлөрү, ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Эске салсак, быйыл ЖККУда Кыргызстан төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий