• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте жоголгон 6 жаштагы бала аман-эсен табылды

Коом 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Бишкекте жоголгон 6 жаштагы Умар аман-эсен табылды

"Кабар" агенттигине Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, бүгүн болжол менен саат 12:00дөр чамасында Жал кичирайонундагы бала бакчалардын биринин короосунда ойноп жүргөн 2003-жылкы А.У., аттуу бала жоголгон.

Баланын ата-энеси болжол менен саат 16:50дө шаардык милицияга кайрылышкан.

Издөө иштеринин жыйынтыгында саат 17:10дор чамасында дайынсыз делген бала аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий