• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жоголгон 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев аман-эсен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бишкекте жоголгон 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев аман-эсен табылды, - деп билдирет Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 16-августта Ленин райондук милициясына Н.Н., аттуу шаар тургуну кайрылып, "Ак-Өргө" конушунда үйдөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланы таабууда жардам сураган.

Бала ошол эле күнү Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан "Ак-Өргө" конушунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанынан табылып, аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Ленин райондук милициясы жарандардын же үй-бүлөңүздүн коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда дароо милициянын жакынкы бөлүмүнө кайрылууну "102" номерине чалуу керектигин эске салат.

Пикир

Оставить комментарий