• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жоголгон өспүрүм кыз аман-эсен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Бишкекте жоголгон өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Бишкектин Свердлов райондук ИИБне шаар тургуну О.Ж., кайрылып, 15 жаштагы К.К., аттуу кызын табууда жардам сураган.

Кыздын апасынын айтуусунда, 2019-жылдын 6-июлунда болжол менен саат 18:30да өспүрүм кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Аталган факты Бишкек шаардык Свердлов районунун Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Бүгүн калаадагы "Чыгыш-5" кичирайонунун аймагынан кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий