• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны башталды

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны башталды.

2017-жылы Кыргызстан ЖЕЭК, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

ЖЕЭК жыйынына Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев, Армения – Серж Саргсян, Казакстан – Нурсултан Назарбаев, Россия – Владимир Путин, Беларусь – Александр Лукашенко, Молдова – Игорь Додон катышууда.

Эскерте кетүүчү жагдай, Молдова ЖЕЭКге байкоочу статусун сурап жатат.

ЖЕЭК жыйынынан кийин катышуучулар Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна өтүшөт. Бул жакка Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон кошулаары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий