• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Ушул жылдын 9-декабрында Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны өтөт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартиби 17 маселе бар. Алардын эң негизгилери:

- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери жөнүндө;

- Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо жөнүндө;

-Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал жөнүндө;

- Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө;

- 2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;

- 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө;

2023-жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылуучу мамлекет тарабынан Россиянын аныктамасын караган Жогорку Кеңештин чечимин кабыл алуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий