• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

"Кыздар менен сырдашуу". Бишкекте жогорку класстын окуучулары үчүн семинар-тренинг уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкекте "Кыздар менен сырдашуу" долбоорунун алкагында жогорку класстын окуучулары үчүн семинар-тренинг уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинар-тренинг Ленин районунун акимчилиги тарабынан уюштурулду.

Окуучуларга лекторлор мода бизнеси жана агробизнести өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары, социалдык медиа маркетингин кантип үйрөнсө болот, чет өлкөдө окуу жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө айтып беришти.

Кыздар берилген суроолорго жоопторду угуп, баяндамачылар менен байланыштарды алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий