• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте жогорку окуу жайлардагы тренддер жана көйгөйлөр талкууланууда

Билим 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү трансформациялоо жолунда” аталышындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өткөрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку окуу жайлардын ректорлору Кыргызстанда жогорку медициналык билим берүүнү өнүктүрүү: тренддер жана көйгөйлөр, өлкөдө инженердик билим берүүнү өнүктүрүү, ЖОЖду өнүктүрүүнүн мыкты моделдери жана практикасы, Жогорку кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар ж.б. темаларда баяндамаларды жасоодо.

Университеттин моделин талкуулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөр, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары, эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө, аналитикалык уюмдар, аккредитациялоочу агенттиктердин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Консультациялардын жана талкуулардын жыйынтыктары республикадагы жогорку билим берүү системасындагы реформаларды пландоого, ЖОЖдорду стратегиялык багыттоону пландаштыруу үчүн негиз болуп берет.

Ошондой эле талкуулардын жыйынтыктары Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2030-жылдарга карата планында чагылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий