• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте катуу ылдамдык менен жүргөн метробустар ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Бишкекте жакында катуу ылдамдык менен жүргөн метробустар пайда болот. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Борбордук коомдук транспорттун иши” аттуу тегерек столдун алкагында белгилүү болду.

Мэриянын өкүлдөрү кабарлагандай, метробус – бул жогорку ылдамдыктагы BRT автобус системасы. Алардын жөнөкөй автобустардан айырмасы – алар атайын бир линия менен жүрүп, үзүгү жок линияны түзөт. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана чыгаруу атайын турникеттер аркылуу жүргүзүлөт.

Метробустар 2-3 мүнөттүк интервал менен каттайт.

Биринчи этапта маршрутту 12-кичирайонунан баштап, А.Токомбаев көчөсүнө андан кийин Жукеев-Пудовкинадан Ибраимов көчөсүнө чейин, анан Токтогул көчөсү менен Фучикке чейин кылуу каралууда.

Экинчи этап А. Токомбаев көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин, андан Гагарин, Садырбаев көчөсү менен Фучик көчөсүн өтүп Москва көчөсүнө чыгаруу каралууда.

Пикир

Оставить комментарий