• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баасы кыйла арзан. Транспорт министрлиги жол белгилерин эми өзү чыгара баштайт

Коом 0

Бишкек, 04.04.23./Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, цехтин ачылышына транспорт министри Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилери катышты.

"Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, мындан ары мекеме өзү чыгарууга кудурети жетет, биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, министр Тилек Текебаев жол курулушуна колдонулган материалдардын сапатын текшерген лабораторияга баш бакты. Жабдуулардын абалы, алардын иштеши тууралуу маалыматты угуп, тиешелүү жетекчилерге курулуш материалдарын сыноодон өткөрүү белгиленген эрежеге ылайык жүргүзүлүп жатканын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Белгилей кетсек, жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Россиядан алынып келинген. 31-марттан баштап ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. Министрге маалымдалгандай, азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот. Ошондой эле цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, кызматкерлердин ден соолугуна да көңүл бурулары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий