• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жол белгилерин уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Бишкекте жол белгилерин уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 21:45тер чамасында “102” кызматына Кызыл-Кийская жана Василиева көчөлөрүнүн кесилишинен жол белгилеринин уурдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерде 33 жаштагы Б.А. аттуу адам белгисиз жарандар жол жээгиндеги жол белгилерин уурдап жаткандыгын кабарлаган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 16 жаштагы Д.Н. жана О.М., ошондой эле 17 жаштагы Б.А. аттуу өспүрүмдөрдү кармаган. Шектүүлөр Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-берененин (“Уурдоо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий