• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте жол чийиндерин чийүүдө жаңы технологиялар колдонулууда

Коом 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Жол чийиндерин түшүрүүнүн жаӊы технологиялары “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жакында эле “Курулуш техникасы жана материалдары” компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте “Шмелёк” жол чийиндерин чийүүчү машинасы колдонулду. Орозбеков жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн чийини чийилди.

Ишкананын жол мастерлери машинаны башкарууга аракет кылып, анын көрсөтмөсү менен таанышышты.

Бул техниканын башкы артыкчылыгы болуп тайма чийиндер саналат. Бардык факторлор эске алынып, азыр ишкана тарабынан салыштырма анализ жүргүзүлүүдө.
Учурда, ишкана муздак пластикти кол менен, ал эми жол сырды жана ысык пластикти машина менен чийүүдө.

Эске салсак, “Шмелёк ХП” машинасы Беларуста өндүрүлөт жана муздак пластик менен гана иштейт. Анын баасы 600 миӊ сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий