• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Жол эрежесин бузба!” аталыштагы Жаңы жылдык акция өттү

Коом 0

Бишкек, 25.12.17. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Бишкекте “Жол эрежесин бузба!” деген аталыштагы Жаңы жылдык акция өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

“Акыркы убактарда жол кырсыгы абдан көбөйүп кетти. Күн сайын жол кырсыгы катталат, айдоочулар дээрлик жол эрежесин сактабайт. Активисттер Жол коопсуздугу кызматы менен биргеликте акцияны өткөрүп жатабыз. Айдоочуларды токтотуп, Жаңы жылга карата белек жана жол эрежеси тууралуу жазылган маалымат баракчасын бердик”,-деп билдиришти уюштуруучулар.

Иш-чаранын башкы максаты айдоочуларды жол эрежесин сактоого үндөө болуп саналат.

Акция бүгүн, 25-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өттү. Уюштуруучулар - “Патриот KG” коомдук уюмунун “Perspective” билим берүү борбору жана Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы.

Пикир

Оставить комментарий