• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежинин 2 унаасына 30,5 миң сом айыппул салынды

Коом 0


Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежинин 2 унаасына 30,5 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул кызматынан белгилешкендей, социалдык тармактарда унаасынын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып, жол эрежелерин одоно бузган той кортежинин видеосу тараган.

Тасмадагы унааларды таап, чара көрүү максатында издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 19 жаштагы Б.А. аттуу айдоочуга таандык 2 унаа кармалган. Айдоочуга карата Бузуулар кодексине ылайык 3 протокол түзүлүп, (автоээнбаштык, терезелерин атайын караңгылатуу, мамлекеттик номери жок жүрүү) 30 миң 500 сом айып салынган.

Учурда бул видеодо тартылган калган автоунааларды аныктап, аларды кармоо боюнча издөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзам чегинде катуу чара көрөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий