• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган унаанын айдоочусу табылып, 9500 сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин одоно бузган унаанын айдоочусу табылып, 9500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Ч.Айтматов көчөсүндө жол эрежесин одоно бузган БМВ Х5 үлгүсүндөгү авто унаанын видеосу жарык көргөн.

Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери аталган авто унааны таап, КР Бузуулар тууралуу кодексине ылайык, каршы тилкеге чыккандыгы үчүн, авариялык кырдаалды пайда кылгандыгы үчүн, чектен чыккандыгы үчүн, эки тилкени кескендиги үчүн жана коопсуздук курун табыгынбагандыгы үчүн, жалпысынан 5 протокол түзүлүп, 9500 сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий