• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жетишпеген жол белгилер орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бишкек ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2020-2021-окуу жылдын алдын ала утурлай мектеп окуучулардын жана жалпы жарандардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын аймагындагы айрым мектептердин алдындагы жетишпеген жөө жүргүнчү өтмөктү чагылдырган, ылдамдыкты чектөөнү көрсөткөн жана башка жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган керектүү жол белгилерин орнотуштууда.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындан сырткары Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп окуучуларына жана жалпы жол кыймылынын катышуучуларына өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий