• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кире акысы көтөрүлбөйт – мэрия

Коом 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Бишкекте коомдук унаалардын жол кире акысы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев социалдык тармактардагы баракчасында жазган.

Ал калаа мэри А. Суракматовдун жол кире акыны көтөрүү ниети жок экендигин билдирген.

“Шаардык кеңеш колдоп бергенден кийин жакын арада электрондук билет киргизүү ниетибиз бар. Электрондук билет турмуштун талабы. Ошондо да тарифтер өзгөрбөйт. Бирок шаар казынасына төлөмдөр көбөйөт. Биз жаңы технология менен коррупциялык элементтерди жок кылабыз. Баары ачык-айкын болот”, - деп жазат ал.

Пикир

Оставить комментарий