• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол кире акысы жакынкы мезгилде көтөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 02.10.17. /Кабар/. Бишкекте коомдук унаалардагы жол кире акысы тейлөө кызматы жакшырганга чейин көтөрүлбөйт.

Чуулгандуу жаңылык боюнча мэрия түшүндүргөндөй, Бишкек шаарын 2017-2020-жылдарга карата өнүктүрүү Программасынын долбоорунда шаардык унаалардын акысын жогорулатуу боюнча баа саясаты каралган. Бирок, мунун алдында мэрия унаалардын тейлөө сапатын жакшыртууну пландоодо.

“Бул ыңгайлуу шаардык каттамдагы автобустарды жана троллейбустарды көбөйтүү, алардын каттоо аралыгын кыскартуу, аялдамаларды жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана башка бир катар иш-чаралар”,- деп айтылат түшүндүрмөдө.

Бишкек шаардык мэриясы дагы бир ирет баа саясаты маселеси бардык шарттарды тыкыр анализдөөдөн кийин чечилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий