• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдордо иш алып барууда

Коом 0


Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бишкекте жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдордо иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымата ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын 7-апрель, Чүй проспектиси, Ч.Айтматов, Ахунбаев жана башка борбордук көчөлөрүнө муздарды жана карларды эрүүтүүчү техникалык туздарды себип, айдоочулардын жолдо жүрүүдө коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди алып барууда .

Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугун сактоо менен автоунаанын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып айдоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий