• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте «Жол кыймылынын жаш инспектору» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Бишкекте «Жол кыймылынын жаш инспектору» сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара билим берүү башкармалыгы менен Ички иштер министрлигинин Кайгуул-күзөт кызматынын биргелешкен буйругу менен Бишкек шаары боюнча «Жол кыймылынын жаш инспектору» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Сынактын райондук этабында 1-2-орунду ээлеген №31,44,52,54,67,73,84 мектептердин командалары жол кыймылынын жаш инспектору шаардык сынагына катышты.

"Сынак жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү, болочок айдоочу, жол белгилеринин өлкөсү, жол эрежелери боюнча эксперттер, жол кыймылынын жаш инспектору отрядтарынын үгүт топторунун көрсөтүүсү, ошондой эле дубал гезиттерге сынак өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

1-орун - №73-орто мектеп;

2-орун - №84-орто мектеп;

3-орун - № 67 №67 ОТК МГ;

4-орун -№31 МГ.

Белгиленгендей, сынаккаа катышкан бардык командаларга дипломдор, оргтехника (ноутбук, компьютер, коп функциялуу принтер, портативдик колонкалар) жана сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий