• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2017-жылы 13-февралда саат 01:05 чамасында Красная речка менен Нурманбет унаа жолунун 6-чакырымында “Мерседес-Бенц 230” мамлекеттик № B 85-86 W менен “Ауди 80” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В36-23G унаалар кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгынан 4 адам жеринде жана 1 адам ооруканада каза болушкан. 1 адам оор жаракат алып, Ысык-Ата райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

КР ӨКМнин №21 өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болуп, кыпчылып калган 2 адамды чыгарышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Оор жаракат алган 2 адамды тез-жардам кызматкерлери алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий