• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир аял жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир аял жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Aristo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1994-жылы туулган З кызы Н. аттуу аял киши жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий