• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгы катталып, унаа экиге бөлүнүп калды

Кырсык 0

Бишкек, 25.07.18./Кабар/. Бишкектеги Түштүк магистралда болгон жол кырсыгынын натыйжасында унаа бир нече бөлүктөргө бөлүнүп, талкаланып калган. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, кырсык бүгүн саат 08:10 чамасында Асанбай сейил багынын маңдайында болгон.

Унаа Сухэ-Батор көчөсү тарапка жогорку ылдамдыкта бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн алдынан айдоочу башкаруусун жоготуп, мамыны сүзгөн. Натыйжада унаа бөлүктөргө бөлүнүп калган.

“Айдоочу жабыркаган жок, андан катуу алкоголдук ичимдик жыттанып турган”, - деп кошумчалады күбө.

Пикир

Оставить комментарий