• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгын жаратып, из жашырган Toyota Camry унаасынын айдоочусу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгын жаратып, из жашырып кеткен Toyota Camry унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 25-февралда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунда кызыл түстөгү Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына аталган автоунааны издеп табуу боюнча багыттама берилип, көп өтпөй Махатма Ганди жана Түлебердиев көчөлөрүнүн кесилишинен аталган унаанын А.И. атту айдоочусу кармалган.

"Айдоочу Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми автоунаа убактылуу токтоочу короо жайга киргизилген", - деп кошумчалашты Милициянын кайгуул кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий