• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгынан 16 жаштагы өспүрүм жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгынан 16 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу автоинспекция кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болжол менен саат 13:00дөр чамасында Кайназаров менен Ден Сяопина көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Маршрутка "Хонда Фит" үлгүсүндөгү жеңил унааны келип сүзгөн, ал эми экинчи автоунаа 16 жаштагы баланы коюп кеткен. Жабыркаган баланы Тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен. Ал эми унаалар айып унаа токтотуучу жайына киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий