• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Кырсык 0


Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 20-ноябрь күнү Д. Сяопин менен Месарош көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгынан 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 22:00дө 41 жаштагы У. Т. аттуу айдоочу “Мерседес-Бенц” унаасы менен Д.Сяопин көчөсүндө күн чыгышты көздөй бара жатып, Месарош көчөсүнө жеткенде “Ауди-100” унаасы менен кагылышып, андан кийин күү менен барып жол жээгинде турган “Ниссан-Примера”, “Тойота- Виш”, “Дэу-Нексия” жана “Тойота-Ист” унааларын сүзгөн.

Жол кырсыгынан 3 жаран жаракат алып, алар 4-шаардык ооруканага жеткирилген.

“Автоунаалар убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда”, - деп билдирет кайгуул кызматы.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий