• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Путепроводная жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде Volkswagen Golf жана Honda Fit унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыгынын кессепетинен 4 эркек киши жабыркаган (1996-жылы туулган К.Б., 1995-жылы туулган А.М., 1994-жылы туулган О.Т., 1983-жылы туулган Т.У.).

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий