• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгынан үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгынан үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ж.Пудовкин менен Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz ” жана “Honda Fit” унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктан 1973-жылы туулган Ч.Т., 2000-жылы туулган. Н.А. аттуу эркек кишилер жана 2007-жылы туулган Н.А. аттуу кыз жеңил жаракат алышкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий