• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгынан үч адам жабыркап, бирөө комага түшүп калган

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте Volkswagen Passat” унаасы түркүктү барып сүзүп, натыйжада айдоочу жана эки аял жабыркаган. Алардын бирөөнүн баш мээси чайкалып комага түшүп калган.

Комага түшүп калган аялга эки буту тн сынган деген диагноз коюшкан.

Экинчи жүргүнчүнүн жамбашы сынган. Унаанын айдоочусу жеңил жаракат алган. Дарыгерлер жабыркагандардын саламаттыгын туруктуу деп баалашууда.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган факты боюнча иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий