• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгынан коомдук унаа оодарылып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.18. / Кабар/. Бишкекте Абдраев менен Шуш-Тубе көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгында № 166 каттамдагы коомдук унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкектин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Ал коомдук унаа “Мазда” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, бир бетине оодарылып түшкөн. Анын жыйынтыгында өспүрүм кыз менен бир аял жабыркаган. Ал экөө тең ооруканага жеткирилген.

Учурда баардык материалдар Бишкек ИИББнин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Унаалар айып токтотуу жайына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий