• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан маршрутка оодарылып кетип, жүргүнчүлөр жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 27.11.22. /Кабар/. Бишкекте бүгүн болжол менен саат 14:00дө Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жеңил автоунаанын айдоочусу № 129 маршрутканы сүзүп алган.

Милициянын кайгуул кызматынан агенттикке билдиришкендей, кырсыктан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Учурда эки унаа тең айып короо жайына киргизилип, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий