• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгынан улам скутердин айдоочусу каза болду – окуя жеринен видео

Коом 0


Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-май күнү саат 08:30да Бишкекте Лев Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Estima, Mercedes-Benz унааларынын жана скутердин катышуусу менен жол кырсыгы болду.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан улам окуя жеринде скутердин айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгынан жабыркагандардын саны такталууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды жол эрежелерин сактоо чакырат.

Пикир

Оставить комментарий