• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан улам тез жардам унаасы оодарылып кеткен - видео

Коом 0


Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда болжол менен саат 00:15те Юнусалиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде "Ниссан Примера" менен тез жардам ("Газ 2250") унаасы кагылышкан.

"Кабар" агенттигине Кайгуул милициясынан билдиришкендей, жол кырсыгынан улам үч жаран жаракат алып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын чоо-жайы териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий