• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгынан жүргүнчү каза болду

Кырсык 0

БИШКЕК, 08.08.2017. /Кабар/. Бишкектеги түштүк магистралда жол кырсыгынан бир адам каза болгонун ШИИБ патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 8-августта 8.20 чамасында Шералиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес Спринтер” жана “Фольксваген Транспортер” унаалары сүзүшкөн.

Натыйжада 19 жаштагы маршруттук таксинин жүргүнчүсү каза болгон.

Милициянын алдын ала маалыматтары жана күбөлөрдүн айтуусу боюнча, “Фольксваген Транспортер” унаасынын айдоочусу светофордун тыюу салган белгисине карабай кесилиштен чыга калып, “Мерседес Спринтерди” сүзүп алган. Кесепетинен бус оодарылып кеткен.

“Эки айдоочу тең соо абалында болушкан”, - дешти милициядан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бир катар экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий