• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен эркек киши бутунан жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-январында болжол менен саат 18:30 чамасында 19 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаа менен Элебаев көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, Кулатов көчөсүнүн кесилишинен 1994-жылы туулган Т.У. аттуу жаранды сүзүп алган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, натыйжада жөө жүргүнчү бутунан жаракат алып, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий