• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жол кырсыгынан “Дэу Нексия” унаасы оодарылып калды

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө бүгүн саат 9:40да “Хонда Фит” жана “Дэу Нексия” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, жыйынтыгында экинчи унаа оодарылып калган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Хонда Фит” унаасынын айдоочусу Лев Толстой көчөсү боюнча чыгышты көздөй бара жатып, №100 үйдүн жанынан кайрылуу учурунда “Дэу Нексия” унаасын сүзүп алган. Батышты көздөй бара жаткан “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү уна оодарылып калган.

Кырсыктан бир адам жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаалар атайын айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий