• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жол кырсыктарын алдын алуу боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү коомдук транспорттордун айдоочуларына жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана анын алдын алуу максатында Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган таксилердин жана шаар ичинде каттамга чыккан маршурттук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Негизги талап - коомдук транспорттордун техникалык абалы, баардык талаптарга жооп берүүсү, анткени көптөгөн жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери унаанын техникалык жактан оң абалда эместиги болуп жатат, жол тыгындарын болтурбоо максатында маршурттук унаалардын көрсөтүлгөн аялдамаларда гана жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүүсү талап кылууда",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда унаанын ички салону санитардык талаптарга жооп берүүсү жана каттамдан келгенден кийин сөзсүз желдетип, тазалап туруусу эскертилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий