• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жол оңдоо үчүн үйлөр, мейманкана жана бир завод түрттүрүлөт

Коом 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Бишкектеги Түгөлбай ата көчөсүн оңдоп кеңейтүү иштеринин алкагында 18 объект түртүлөт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Быйыл борбор калаада 60 көчөдө реконструкция иштери жүрөт. Тул тизмеге Түгөлбай ата (мурдагы Линейная) көчөсү дагы кирген.

Бул көчөнүн Султан Ибраимовдон Төрөкул Айтматовго чейинки 820 метрлик бөлүгү оңдолот, айрым жерлери кеңейтилет.

Реконструкциянын алкагында 18 объект бузулуп, түрттүрүлөт: бир унаа жуучу жай, алты жеке үй, беш мейманкана, бир бош имарат, бир завод жана үч гараж кооперативи.

Төрт объект боюнча ээлеринин кепилдик каттары бар. Алар түрттүрүү иштерине каршылык көрсөтпөйт.

Башка объекттер Бишкек мэрияся сотко арыз мене кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий