• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жол оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Бишкекте жол оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков аталган райондогу жолдорду жана көпүрөлөрдү кайра куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Анын ичинде, ал Көлбаев жана Фрунзе көчөлөрүнө барды. Мында жашаган тургундар жол курууга тоскоолдук жараткан дубалдарды, курулуштарды ыктыярдуу түрдө бузуп башташкан.

Азырынча асфальт төшөлө элек. Жашоочулар асфальт төшөлгөнгө чейин өз алдынча суу түтүктөрүн жана канализация түйүндөрүн өткөрүшүүдө.


Свердлов районунун башчысы тургундарга түшүнүү менен жол курууга тоскоолдук кылган курулуштарды ыктыярдуу түрдө бузуп жаткандыктарына ыраазчылык билдирди. Ошондой эле, С.Болотбеков Токтогул жана Фрунзе көчөлөрүнө барып, Аламүдүн дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушу менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий