• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол талаша кеткен маршрутканын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бишкекте жол талаша кеткен маршрутканын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча МККБнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери № 240 жана №104 маршурттук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошол эле учурда жол кыймылынын башка катышуучуларынын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткандыгы үчүн бузуулар кодексинин негизинде тийиштүү протокол толтурушту.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жол талаш кеткен эки айдоочунун чырдашып жаткан видеосу тараган.

Пикир

Оставить комментарий