• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте жолборсту ким сейилдетип жүргөндүгү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Бишкекте жолборсту Москвадан келген “Акула” циркинин кызматкери жетелеп жүргөн. Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери ага Кыргызстанда коомдук жайларда жырткыч жаныбарларды сейилдетип жүрүүгө болбой тургандыгын түшүндүрүшкөн.

Эске салсак, интернетке Бишкекте жолборсту жай-баракат жетелеп жүргөн адамдын сүрөтү тараган. Окуя калаадагы Түштүк Магистарлда болгон.

Маалыматка ылайык, 11 айлык жолборсту Бишкекке цирктин шоу-программасынын алкагында алып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий