• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун оңдоо жана жакшыртуу иштерин улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жибек-Жолу проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинде, Ч.Айтматов проспектисин бойлото тротуар төшөө үчүн негиз даярдалууда.

Кулатов көчөсүнүн Байтик Баатырдан Ибраимовго чейинки бөлүгүндө, андан ары Кулатов көчөсүнөн Элебаев көчөсүн бойлото жаракалар толтурулуп жатат.

Алтын-Ордо конушунда тротуар төшөө үчүн фундамент даярдалып, бордюрлар орнотулууда.

Арча-Бешик конушунун Жазира жана Кызыл Адыр көчөлөрүнүн боюнда жолго шагыл төгүү иштери жүрүп жатат.

Арзамас жана Корей көчөлөрүндө люктар жөнгө салынып, жолдун өтүүчү бөлүгү оңдолууда.

Фучик көчөсүндө бордюрлар тазаланып, сырдалууда. Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жана Гражданская көчөсүнүн боюнда люктар көтөрүлүп, Мыскал көчөсүндө арык орнотууга даярдык көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий