• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда — мэрия

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бишкекте жолдорду оңдоо улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, быйыл 25 көчөнү оңдоп-түзөөнү пландап жатышат. Алардын ичинен бир көчө толук оңдолуп, дагы жети көчө аяктоодо:

- Исакеев көчөсү Ч.Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 1220 погон метр;

- Пишпек көчөсү Дэн Сяопинден Жамгырчиновго чейин, жалпы узундугу 700 погон метр;

- Васильев көчөсү Манастан Түлөбердиевге чейин, жалпы узундугу 630 погон метр.

- №4 кичи району Сүйөркулов көчөсү № 31, 32, 34 үйлөрдүн жанына Безымянная көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 220 погондук метр;

Төмөнкү көчө бөлүктөрүндө курулуш иштери кызуу жүрүп жатат:

- Леваневский көчөсү Л.Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 780 погон метр;

- "Алтын Ордо" жаңы конушу, Алтын Ордо-3 көчөсү, жалпы узундугу 1200 погон метр;

- "Алтын Ордо" конушу, Алтын Ордо-6 көчөсү, жалпы узундугу 1150 погон метр;

- Армия көчөсү Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин (Чыгыш-5 кичи району), жалпы узундугу 480 погон метр;

- Каховская көч., Т.Фрунзеден Криваносовго чейин, жалпы узундугу 670 погон метр;

- Мыскал көчөсү М.Гандиден Мидинге чейин ("Көлмө" жаңы конушу) көпүрөнүн курулушу менен, жалпы узундугу 1500 погон метр.

Белгилей кетсек, Гражданская көчөсү Т.Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 870 погон метрди түзгөн курулуш иштери трансформатордун өткөрүлүп берилишине байланыштуу убактылуу татаалдашууда.

Пикир

Оставить комментарий