• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте жолдорду оңдоого байланыштуу айрым коомдук каттамдар өзгөртүлөт

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Бишкекте шаар жолдорун оңдоо иштерине байланыштуу бир катар троллейбустардын жана кичи автобустардын каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ахунбаев-Масалиев көчөлөрүн ортосундагы Тыналиев көчөсүндө 2017-жылдын 19-апрелинен тартып шаардык каттамдардын кыймылы өзгөртүлөт. №5 жана №14 троллейбустук каттамдар Айтматов проспектиси боюнча №1 Калкты тейлөө борборуна (Аэрофлот агенттиги) чейин каттайт.

Ошондой эле, төмөнкү кичи автобустардын кыймылынын схемасы өзгөртүлөт: №100, 101, 107, 118, 130, 147, №159, 170, 188, 202, 203, 264.

Көрсөтүлгөн кичи автобустар Ахунбаев көчөсү боюнча Тыналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин жана андан ары бекитилген схема боюнча жүрөт.

“Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Тыналиев көчөсүндө оңдоо иштери аяктаган соң, коомдук унаалардын каттамы мурдагы схема боюнча каттап баштайт”, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий