• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү "Бишкекасфальтсервис" ишканасы менен биргеликте жолдорду жамоо, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын планында каралган, ошондой эле социалдык сайттар аркылуу жарандардан келген кайрылуулдарды эске алуу менен Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши, Чүй жана Павлов көчөлөрүнүн кесилиши, Орозбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши, Панфилов жана Чүй көчөлөрүнүн, ошондой эле Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде чоң унаа жүрүүчү жолдорду жамоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий