• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте жолду туура эмес жерден кесип өткөн баланы унаа коюп кетти (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 14.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте күн мурун “Audi” үлгүсүндөгү унаа жолду туура эмес жерден кесип өтүп бара жаткан 6 жаштагы баланы коюп кеткен.

Жол кырсыгы Орозбеков-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон,-деп кабарлашты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан.

Маалыматка ылайык, “Audi” Орозбеков көчөсү аркылуу бара жаткан кезде жолдун четинен балдар чуркап чыккан, алардын бирөөсүн унаа коюп кеткен.

Баланы атасы менен биргеликте балдар ооруканасына жеткиришкен, аны баш мээси чайкалып калган, эч жери сынган эмес.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий